24.kg
16:42, 02 июля 2019, 24.kg

Нарында аюу менен маралга биринчи жолу спутник каргы салынды

Нарын жаратылыш коругундагы аюу мене маралга спутник каргы салынды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги маалымдайт.

Алардын маалыматында, спутник каргы жаныбарлардын жашоосуна көзөмөл салып, илимий иликтөө иштерин жүргүзүүгө жардам берет.

Аюу 6-7 жашта, ага Илимбек деген ысым ыйгарылган. Спутник каргы менен ал эки айда төрт жолу Нарын дарыясын кечип өтүп, жакынкы айылга 1 километрдей барып, андан ары Ат-Башы районуна өткөн. Ал кайра корукка кайтып келди. Эки айда 643 чакырым жол жүргөн.

Агенттик спутник каргы Борбор азияда биринчи жолу Кыргызстанда аюуга илинип жатканын белгилейт. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18