24.kg
12:19, 02 июля 2019, 24.kg

Эжесинен качып Ошко жөнөгөн кыздар балдар үйүнө өткөрүлөт

7 жана 11 жаштагы кыздардан атасы баш тартты. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирет.

Маалыматка караганда, атасы Ош шаарында эмес, борбордо эле жашап жүргөн. Бул убакыт ичинде ал кыздары менен көрүшүүнү каалаган эмес. Анын туруктуу иштеген иши жок жана спирт ичимдиктерин ичери белгилүү болгон.

Кыздарды буга чейин багып келген эжеси да аларды багуудан баш тарты.

Эскерте кетсек, 20-июнь күнү 9:00дө Акыйкатчы аппаратынын «115 шыр байланыш» кызматына, Бишкек- Ош-Бишкек жолунда жүргөн таксисттер 7 жана 11 жаштагы эки кыз келип, Оштогу атасына жеткирип коюуну суранып ыйлашканын чалып айтышкан.

«Алар үйгө барбайбыз, эжебиз сабайт» дешкен. Акыйкатчынын орун басары дароо жерине барып, саат 12лер чамасында кыздарды кризистик борбордун бирине өткөргөн.

Эми кыздарды багып алууга даяр жакын адамы жок болгондуктан балдар үйүнө өткөрүү каралууда. Алардын апасы көз жумган.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18