24.kg
12:06, 02 июля 2019, 24.kg

Өмүрбек Текебаевдин кызы менен уулу атасына коюлган айыптарды иликтеди

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш ишиндеги башкы көрсөтмөнү саясатчынын уулу менен кызы атайын иликтөө менен четке какты.

Ай-Данэк менен менен Амантур орусиялык ишкерлер Алексей Модин менен Леонид Маевскийдин айткандары чындыкка дал келбей турганын, «Супара» этнокомплексинде жолугушканы да ойдон чыгарылганын билдиришти.

Белгилей кетсек, Алексей Модин 2010-жылдын 10-майында Өмүрбек Текебаев менен «Супара» этнокомплексинде жолугушуп, «Мегаком» боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн жарыялаган.

Ай-Данэк менен менен Амантур Маевскийдин телефондук байланыштарынын тизмеси алып чыгып, 13-майда россиялык ишкер Бишкектин кайсы райондорунда болгонун аныкташкан.

Атайын программа Леонид Маевскийдин «Супара» этнокомплексинин аймагында болбогондугун далилдеген.

«Мындай далилдер ондоп саналат. Эмне үчүн Кыргызстандын бийлиги, Башкы прокуратура жана башка органдар муну эске албай жатат? Эмнеге алар чындыкты орнотпойт? Бул алардын негизги милдети эмеспи», — деп суроо салды Текебаевдин кызы Ай-Данэк. Өмүрбек Текебаев менен коррупцияга айыпталып, 2017-жылы сегиз жылга кесилген. Аны менен камалган мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да айыпталып, ушундай эле мөөнөткө камалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18