24.kg
09:03, 02 июля 2019, 24.kg

Түркмөнстанда акча которуу эрежелери катаалдашты

Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашогуз районунда акча которуу учурунда кардарлардан паспорттун бардык барактарынын көчүрмөсүн талап кылышууда.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы: «25-июлдан тарта «Western Union» аркылуу акча которгон ата-энелер үчүн жаңы эреже киргизилди: акча которуу үчүн паспорттун 48 барагынын көчүрмөсүн сурашууда. Буга чейин биринчи жана чек арадан өткөнү үчүн мөөр басылган барактарынын көчүрмөсү гана талап кылынчу», деди.

Мындай эреже башка аймактарда киргизиле элек.

«Western Union» кызматы — тез акча которууда түркмөнстандыктар үчүн жападан жалгыз мүмкүнчүлүк.

Акча которууда чектөөлөр бар. Учурда өлкө жашоочулары чет мамлекеттерге айына 300 доллардан ашык каражат жөнөтө алышпайт.

2016-жылы Түркмөнстанда валюталарды эркин конвертациялоо токтотулгандан кийин түркмөн бийлиги өлкө тышында жана ичинде акча которууларга чектөө киргизип келет.

«Western Union» кызматын адатта чет өлкөдө балдары окуган түркмөнстандыктар колдонот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18