24.kg
17:20, 01 июля 2019, 24.kg

Нариман Тулеев Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу талабын койгон штаб түздү

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу үчүн штаб түздү. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Нариман Түлеев штаб эч бир тараптын кызыкчылыгын колдобостугун белгиледи.

«Биз Сооронбай Жээнбековдун бийлиги үчүн эмеспиз жана Алмазбек Атамбаевге да каршы эмеспиз. Атамбаевдин катачылыгын далилдөө үчүн штаб анын резиденциясына тынчтык жүрүшүн жасайт, аны мыйзам чегинде иш алып барууга чакырат. Биз колубузга Конституцияны жана кодекстерди гана кармап, анын тарапташтарын мыйзам чегинде аракет кылууга чакырабыз», — дейт Нариман Түлеев.

Ал Алмазбек Атамбаев тергөө органдарына суракка башка жарандар сыяктуу эле келиши керектигин белгилейт.

«Биз Индияда эмеспиз жана ал ыйык уй эмес. Чоң масштабдагы саясатчы катары өзүн көрсөтүп келе жаткан киши баарыбызга үлгү болушу керек. Эгер ал күчүн көрсөткүсү келсе, курал менен эмес, эрки менен көрсөтсүн. Ал өзүнүн эркин муштумдай түйүп, коркпой барышы керек жана өзүнүн чындыгын далилдеши керек».

Штаб жакында жөө жүрүш, андан кийин митинг өткөрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18