Роза Отунбаева: Алмазбек Атамбаев элди бөлүп-жарууга мыкты чебер
Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинин алынышы тууралуу билдирүүсүндө айтты.
Отунбаева Жогорку Кеңештин Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча чечимин 2016-жылдын ноябрь айындагы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракцясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Атамбаевге импичпент жарыялоо боюнча демилгесинин логикалык уландысы катары сыпаттады. Ал ошол эле жылы депутат Канатбек Исаев да Атамбаевге кескин сын айтып чыкканын эстеп, натыйжада экөө Атамбаевдин саясий куугунтугуна алынганын белгилейт.
«Башкы прокуратуранын депутаттык комиссиянын «Атамбаев саясий куугунтукка алды» деген айыптоосуна негиз таппай койгону өкүнүчтүү. Чынында Атамбаевдин тушунда анын атаандаштарына каршы иштер токулган», — дейт ал.
Отунбаева Атамбаев саясий атаандаштарын өзү куугунтукка алган жол менен басып өтүшүн каалабай турганын, ага коюлган айыптар боюнча тергөө бейтарап жана калыс жүрүшү керек экенин айтууда.
«Алмазбек Атамбаев коомчулукта конфронтацияны, радикализмди, келишпестиктерди жарата турган бөлүп-жаруучу түшүнүктөрдү таратуу чеберчилигин эң жакшы билет. Аялдардан, аксакалдардан жана жаштардан өзүнө тирүү коргон жасап, өзүнө карата ыкчам тергөө аракеттерине курал менен каршылык көрсөтөрүн билдирүүдө. Ал муну оппозициялык ишмердүүлүк жана жеке эрдик катары сүрөттөп жатат, бирок ал өзүнүн саясий чабалдыгын жана адамдык алсыздыгын көрсөтүүдө», — деди Отунбаева. Экс-президент буга улай Атамбаевди укуктук талаада күрөшүүгө чакырат.