24.kg
14:43, 01 июля 2019, 24.kg

Чукул билдирүү. Жамгыр жана кар жаашы күтүлөт

3-4-июлда аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул боюнча Кыргызгидрометтен билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу жана бийик тоолуу райондорунда, Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы аймактарда нөшөрлүү жаан-чачын болот. Айрым райондордо мөндүр жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

3-4-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18