24.kg
08:47, 01 июля 2019, 24.kg

Казакстанда оппозициянын митингдери башталды

Жекшемби күнү Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында бийлик менен макулдашылган митингдер өттү.

Алматыда акцияга чыккан жүздөгөн адам митинг өткөрүүгө уруксат суроо тартибин өзгөртүүнү, конституциялык реформа жүргүзүү жана өлкөнү демократиялаштыруу талаптарын айтышты.

Нур-Султандагы митингдин катышуучулары губернаторлор менен сотторду тандоонун жол-жобосун кайрадан карап чыгууну, көп балалуу үй-бүлөлөргө убадаланган турак-жайлардын берилишин жана өлкө борборуна Астана деген аталышты кайтарып берүүнү талап кылышты. Мындан тышкары чогулгандар Кытайдагы казактардын маселесин дагы козгошту.

Казакстандагы кезексиз президенттик шайлоодон кийин июндун башында адамдар бийлик менен макулдашылбаган митингдерге чыгып, шайлоого бойкот жарыялоо, ачык шайлоо өткөрүү жана добуш берүү жыйынтыктарын кайрадан эсептеп чыгуу талаптарын айтышкан.

Казак ИИМинин маалыматына караганда, 9-12-июнь күндөрү Алматы менен Нур-Султан шаарларында 4 миңге жакын киши кармалып, алардын миңден ашыгы административдик жоопкерчиликке тартылса, 600дөн ашыгы камакка алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18