24.kg
08:49, 28 июня 2019, 24.kg

Өлкө аймагындагы 584 айылда таза суу тартыштыгы бар

Өлкө аймагындагы 584 айылда таза суу тартыштыгы бар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан «өкмөттүк саатта» билдирди.

«Өнүгүү стратегиясына ылайык, Кыргызстандын калкы толугу менен таза суу менен камсыз кылынууга тийиш. Бирок, азыркы учурда өлкө аймагындагы 584 айылда таза суу тартыштыгы бар. Мындай көйгөйдү чечүү максатында быйыл бюджеттен 200 миллион сом бөлүндү, жыл аягына чейин дагы 200 миллион сом бөлүнөт», -деди ал.

Вице-премьер таза суу көйгөйүн чечүү жаатында бир катар эл аралык каржы уюмдары каржылык көмөк көрсөтүп келатканын баса белгиледи. «Дүйнөлүк банк, Европа өнүгүү жана реконструкциялоо банкы, Европа инвестициялык банкы, Азия өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы сындуу эл аралык каржы уюмдары калкты таза суу менен камсыз кылуу багытындагы бир топ долбоорлорго каржылык жактан колдоо көрсөтүүдө. Эл аралык каржы уюмдарынан алынган каражаттардын бир бөлүгү — гранттык жардамдар. Өкмөт дагы бул багытта жыл сайын мамлекеттик бюджеттен каржы карап келет», — деди Кубатбек Боронов.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18