24.kg
08:39, 28 июня 2019, 24.kg

Нарын-Баетов унаа жолундагы кырсыкта 3 жашар кыз мерт кетти

Нарын—Баетов унаа жолунда «Хонда Одиссей» унаасы оодарылып кетип, 3 жашар кыз мерт кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Аталган жолдун 70-80-чакырымында «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен. Унаанын ичинде жалпы 5 адам болгон. Алардын арасындагы 3 жаштагы кыз каза болду.

Унаанын айдоочусу Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасына, калган 3 адам Нарын облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18