Кеңеш. Күнгө күйгөн денеге тез жардам берүү жолдору
Күнгө катуу күйүп калуу коркунучу көл жээгинде эс алып жүргөндөрдө, ачык асман алдында күн өткөргөн жарандарда көбүрөөк кездешет. Мисалы, күн тийип турганда уктап калып же китеп окуп жатып кызыгына кирип кетип, убакыттын өткөнүн байкабай калгандар күйүктүн ар кандай даражасына дуушар болушу мүмкүн.
Теринин кызарышы, кычышуусу, ачышуусу, дене табынын көтөрүлүшү —күнгө күйүүнүн белгилери. 24.kg агенттиги күнгө катуу күйүп калганда тез жардам көрсөтүү боюнча кеңеш даярдады.