24.kg
11:54, 27 июня 2019, 24.kg

Кой-Таштагы абал. Учурда Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында эмне болуп жатат

Бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны колдоо максатында митинг өткөрүү ниетинде. Акция Кой-Таш айылындагы мурунку президенттин үйүндө болот.

Учурда айылда абал туруктуу. Митингге даярдыктар башталды. Ага Алмазбек Атамбаев өзү катышат. Эл акырындап чогула баштады. Учурда 150гө жакын киши бар, алардын арасында журналисттер басымдуулук кылат. 

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жана ЖМК өкүлдөрү үйдүн айланасынан орун алышкан. Бүгүн бешбармак жасалууда. Бирок, көпчүлүк тамак-ашын өзү менен алып келишкен. Мында чогулгандар тамак-аш жана акча үчүн эмес, Алмазбек Атамбаевди колдоо үчүн келишкенин айтышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18