24.kg
11:33, 27 июня 2019, 24.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш. Бажы кызматынын 17 кызматкери кармалган

Былтыр Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бажы кызматынын 17 кызматкерин кармаган. Бул тууралуу жемкорлук маселелери боюнча координациялык кеңешменин жүрүшүндө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын башчысы Элдияр Айылчиев билдирди.

Айтымында, бажы кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иштин баары сотко жиберилди.

«Өткөн жылы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 230 жемкорлук жана кызматтык кылмыштарды иликтеди. Анын 72си сотко жиберилген. 18и башка органдарга өткөрүлүп, 3 иш бириктирилген. Дагы 85и ар кандай негизде токтоп турат», -деди Элдияр Айылчиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18