24.kg
11:12, 27 июня 2019, 24.kg

Кол тийбестиктен ажыратуу. Азиз Батукаев башкы прокурорго көрсөтмө берди

Жогорку Кеңештин депутаттары мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу маселени күндүн темасына киргизишти.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттар коюп жаткан айыптарды айтып берди. «Аскер прокуратурасында Кой-Таштагы жер аянтын алуу тууралуу иш иликтенүүдө. Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча оор кылмыштын курамдары табылды. Сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Жөн гана сөз болуп калбаш үчүн, менде Азиз Батукаевдин көрсөтмөсүнүн көчүрмөсү бар. Ал аны кантип бошотконун айтып, Атамбаевге каршы көрсөтмө берди», -деди ал. 

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссия кабыл алган чечимди Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Демек, мурунку президент кылмыш ишине катыштыгы бар делип, камакка алынышы мүмкүн.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин депутаттары мурунку президент Алмазбек Атамбаев тарабынан жасалган кылмыштын белгилери тууралуу башкы прокурордун корутундусун бир добуштан колдошту.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18