24.kg
10:30, 27 июня 2019, 24.kg

Ата Түрк паркынын бир бөлүгүнө Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталды

Ата Түрк атындагы эс алуу жайдын түштүк бөлүгүнө Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу сунушталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутат Кубанычбек Конгантиев айтты.

Анын билдиргенине караганда, мэрия Түштүк магистралдагы жаңы парктын курулушун баштады.

«Бул Ата Түрк эс алуу жайынын түштүк бөлүгү. Күндүн темасына Чыңгыз Айтматовдун ысымын парктын түштүк бөлүгүнө берүүнү киргизүүнү сунуштаймын», -деди ал.

Айтымында, парктын калган бөлүгү Ата Түрктүн ысымында болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18