24.kg
14:12, 26 июня 2019, 24.kg

Арыстагы жарылуу. Кыргызстандыктар боордошторго колдоо көрсөтөт

Казакстандын Арыс шаарында болгон кырсыкка байланыштуу, кыргызстандыктар колдоо көрсөтүү үчүн керектүү буюмдарды чогултуп жатышат. Бул тууралуу социалдык тармакка Жапар Үсөнов аттуу колдонуучу жазды.

Маалыматка ылайык, өткөн суткада шаардан 10 миңдеген жаран чыгарылды. Алардын арасында 2 миңден ашуун жаш бала бар.

«Балдар үчүн такма жалаяк, жеке гигиеналык каражаттар, оюнчуктар, медициналык каражаттар керек. Жардам берүүнү каалагандар Бишкектеги спорт сарайынын жанына келе алышат. Эгерде дүкөн, дарыканалар жардам беребиз десе, өзүбүз барып алып кетүүгө даярбыз», -деп жазган уюштуруучу.

Ошондой эле, акчалай жардам берүүнү каалагандар +996 559 022 777 Элсом электрондук капчыкка салса боло турганын, бул боюнча отчет берилээрин кошумчалады.

Жардам берүүнү каалагандар +996555990555 номуру аркылуу Чынгыз Үсөновго байланыша алат.

Эске салсак, Арыс шаарында 24-июнда ок-дары сакталган кампада жарылуу болгон.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18