24.kg
11:37, 26 июня 2019, 24.kg

Депутат турак жайды камсыздандырууда жеңилдиктерди алып салууну сунуштады

Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзамдан жеңилдиктер каралган кишилерди чыгарып салуу керек. Бул тууралуу парламенттин отурумунда депутат Акылбек Жапаров айтты.

Анын пикиринде, эгерде камсыздандыруу учуру келгенде мамлекет төлөөгө мажбур болуп, камсыздандыруу компаниясы банкротко учурашы ыктымал.

Акылбек Жапаров «үйдүн баасы» деген түшүнүктү киргизүү зарыл дейт. Азыркы тапта баалар курулуш материалдарынан, үйдүн абалынан жана анын жайгашкан регионунан көз каранды эмес. Болгону айылдыктар полис үчүн 500 сомдон, шаардыктан 1 миң сомдон төлөшөт.

«Ар бир үйдүн баасы деген түшүнүктү киргизип, мындан бааларды эсептеп чыгуу керек. Болбосо эски имараттар жана чоң үйлөр бар. Кожоюн жоопкерчиликти алышы керек», -деди ал.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18