24.kg
10:44, 26 июня 2019, 24.kg

Кол тийбестиктен ажыратуу. Депутаттар Конституциялык палатага кайрылышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, ошондой эле КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков Конституциялык палатага мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын мыйзамсыз түзүлгөндүгү тууралуу арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Нурбек Касымбеков билдирди. 

Анын айтымында, комиссияны түзүү процедурасы орой түрдө бузулган. 2003-жылдын 18-июлундагы «Кыргызстандын президентинин кепилдиги тууралуу» Мыйзамга ылайык, мурунку мамлекет башчы президенттик кызматта тургандагы аракеттери үчүн кол тийбестикке ээ болгон. Мындан улам аны иммунитеттен ажыратууга болбой турганын, бул мыйзамсыз экенин айтат юрист.

Кечээ 2 профилдик комитет Башкы прокуратуранын корутундусун колдошту.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18