24.kg
09:20, 26 июня 2019, 24.kg

Алексей Петрушевскийди кайрадан камакка алууну көздөшүүдө

Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун мурунку директору Алексей Петрушевскийди кайрадан камакка алууну көздөшүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Диляром Низамова билдирди.

Анын айтымында, прокуратура Биринчи Май райондук сотунун чечимине аппеляциялык даттануу берди.

«Аппеляциялык даттануу Бишкек шаардык сотуна 11-июнда берилген. Прокуратура баш коргоо чарасын өзгөртүүнү көздөп жатканы болгону 26-июнда гана бизге маалым болду», -деди Диляром Низамова. 

Эске салсак, Алексей Петрушевскийге борбордун директору болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып коюшууда. «2017-жылы жашоого жат келген жүрүм туруму бар аялдын баласына чоочун аял жардам берген. Алексей ал аял менен баланын жолугушуусуна уруксаат берген. Ал баланы камкордукка алууну ниет кылып жатканда, баланын туугандары табылып калган. Баланын каалоосу жок эле жакындарына беришкен. Тергөөнүн версиясы боюнча, Алексейдин уруксаат бергенге укугу жок болчу», -деп айтты жактоочу.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18