24.kg
10:57, 25 июня 2019, 24.kg

Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фонд жоюлбайт, параллель иштей берет

Улуттук башкаруучу компания жана Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фонду (ММБФ) параллелдик түрдө иштейт. Бул тууралуу ММБФнын башчысы Ренат Түлөбердиев маалымат жыйында айтты.

Анын билдиргени боюнча, компнаияда 15тен ашпаган киши иштейт. ММБФ жоюлбайт, алар параллелдик түрдө иштей берет.

«Биз менчиктештирүү жана мамлекеттик мүлктөрдүн каттоо эсебин алабыз. Бул функциялар башкаруучу компанияга берилбейт. Биз мамлекеттик ишканалар менен иштешебиз. Башкаруучу компания акционердик коомдор менен иштешет. Акциялар этап боюнча өтөт. 106 мамлекеттик ишкана убакыттын өтүшү менен ААК болушу керек», -деди ал.

Эске салсак, Ренат Түлөбердиев Улуттук башкаруучу компаниянын эмне себептен түзүлгөндүгүн айтып берген. Билдирүүсүнө караганда, аталган компания корпоративдик башкармалыктын ишине кийлигишпейт.

«Ал өкмөт менен мамлекеттик ишканалардын өз ара аракеттенүүсүнүн жалгыз каналы болуш керек. Анын максаты- корпоративдик башкармалыктын жана директорлор кеңешинин ишин жакшыртуучу процесс болушу керек», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18