24.kg
09:38, 25 июня 2019, 24.kg

«Акнет» ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудинов камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту «Акнет» ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудиновду камакта калтырды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал № 1 тергөө абагында тергөө аяктаганга чейин кармалат.

Эске салсак, «Акнет» компаниясынын президенти 28-майда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 48 сааттан кийин сот тергөөнүн өтүнүчүн канааттандырып, Кубан Ажимудиновду камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

«Акнет» интернет-провайдери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын көңүл борборуна ноябрдын акырында илинген. Буга каржы полициясына фирманын негиздөөчүлөрүнүн биринин кайрылуусу себеп болгон. Ал өнөктөштөрүн ЖЧКдан акча чыгарып кеткенин, жасалма келишим түзгөнүн айтып, аларды айыптаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18