24.kg
16:47, 24 июня 2019, 24.kg

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу. Башкы прокуратура ишти кароого киришти

Башкы прокуратура мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын чечимин кароого киришти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка караганда, адистер Жогорку Кеңеш жөнөткөн документти иликтеп, андан кийин парламентке кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу оюн билдиришет. «Кеп кылмыш ишин козгоо тууралуу эмес, иммунитеттен ажыратуу тууралуу гана болууда. Балким бул ишти иликтөө бир жумага чейин созулушу мүмкүн. Азырынча эч кандай сурак жүргүзүлбөйт, кылмыш иши козголбойт», -деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Эске салсак, 20-июнда парламент Башкы прокуратурага мурунку президентке карата кылмыш ишин козгоо үчүн атайын комиссиянын чечимин жөнөткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18