24.kg
13:40, 24 июня 2019, 24.kg

Студентти унаасы менен койдуруп кеткен айдоочунун өздүгү такталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы КМТУнун студентин унаасы менен койдуруп кеткен айдоочунун өздүгүн тактады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине башкармалыктан билдиришти.

Эске салсак, кырсык 18-июнда болгон.

«Жол кырсыгынын күнөөкөрү 51 жаштагы М.К. жөө адамдар өтө турган жайдан студентти сүзүп алган. Кесепетинен жабырлануучу ооруканага кайрылган», -деп билдиришти башкармалыктан. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, рулда элчиликтин кызматкери болгон. Бирок, ал кайсыл кызматты аркалаганы айтылган жок. 

Эскерте кетсек, социалдык тармактын колдонуучусу аталган кырсык тууралуу жазып чыккан.  «Айдоочу айым токтоп да койгон жок, аны жол кырсыгынын күбөсү кууп жетти. Ал транзиттик унаада отургандыгын, анын кол тийбестиги бар экенин айтып, унаадан түшүүдөн баш тартты. 6-7 мүнөттөн кийин АКШнын аскер кийимин кийинген кишилер келип, айдоочу айымды коргой башташты. Жабырлануучунын баш мээси чайкалып, бир канча жаракат алган. Аны ооруканага алып кетишти. Ал эми айдоочуга карата кол тийбестикти шылтоолоп эч кандай чара көрүшкөн жок», -деп жазды Нурайым Айткулова.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18