24.kg
09:48, 24 июня 2019, 24.kg

Бишкекте АКШ элчилигинин кызматкери студентти унаасы менен коюп кетти

Бишкекте АКШ элчилигинин кызматкери студентти унаасы менен коюп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучусу Нурайым Айткулова жазды.

Айтымында, 18-июнда КМТУнун алдындагы жөө адамдар өтө турган жолдон 4-курстун студентин АКШ элчилигинде иштеген кызматкер сүзүп кеткен. 

Photo 124010

«Айдоочу айым токтоп да койгон жок, аны жол кырсыгынын күбөсү кууп жетти. Ал транзиттик унаада отургандыгын, анын кол тийбестиги бар экенин айтып, унаадан түшүүдөн баш тартты. 6-7 мүнөттөн кийин АКШнын аскер кийимин кийинген кишилер келип, айдоочу айымды коргой башташты. Жабырлануучунын баш мээси чайкалып, бир канча жаракат алган. Аны ооруканага алып кетишти. Ал эми айдоочуга карата кол тийбестикти шылтоолоп эч кандай чара көрүшкөн жок», -деп жазды Нурайым Айткулова.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18