24.kg
16:09, 21 июня 2019, 24.kg

Түркияда жумушсуз калган кыргыздардын абалын Акыйкатчы көзөмөлдөйт

Түркиянын Мармарис шаарынын «Marti Resort Hotel» мейманканасынан иштен чыгарылган мигранттардын абалын Акыйкатчы көзөмөлгө алды. Бул тууралуу институттан билдиришти.

Буга чейин 24.kg агенттиги «Marti Resort Hotel» мейманканасынын администрация 20га жакын кыргыз жаранын айлыгын бербей, жатаканадан чыгарып койгонун жазган. Алардын эмгек келишими бузулуп, иш убактысы 15 саатка узартылган.

Мигранттардын нараазычылыгына отель жетекчилиги орой жооп берип, ар бирин 850$ доллар айыпка жыккан. Үч жаран акчаны төлөөгө каршылыгын билдиргенде, полицияга салып берип, депортацияга кылууга аракет кылышкан.

17 кыргыз жараны иш ордунда калбай, мекендештердин жардамы менен башка шаарга чыгып кетишкен.

Эки тараптуу келишим Кыргызстанда жайгашкан «Амасса» иш менен камсыздоо жеке агентствосунун ортомчулугунун негизинде түзүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18