24.kg
15:11, 21 июня 2019, 24.kg

Жанар Акаев Атамбаевди жоопко тартуу үчүн эмнеге добуш бербегенин түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу учурунда залдан чыгып кеткендигин себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал депутаттык комиссиянын чечимин колдомок.

«Добуш берүү учурунда жок болуп калганым чындык, анын эч саясаты жок. Макул деп добуш бермекмин. Анткени, айыбы бар, же жок экенин атайын органдар аныктайт», — дейт ал.

Белгилей кетсек, кечээ парламенттин 100 депутаты депутаттык комиссиянын Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун колдоду. Бешөө каршы добуш берсе, КСДПнын тизмеси менен парламентке келген Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Чыныбай Турсунбеков, Дастан Бекешов, Мурадыл Мадеминов добуш берүү учурунда залда болгон эмес.

Жанар Акаев 2017-жылы КСДП фракциясынан чыгарылган. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18