24.kg
12:11, 21 июня 2019, 24.kg

Марс Наспеков почточулар пенсионерлердин акчасын эмне үчүн уурдап жатканын айтты

Акыркы бир жыл ичинде «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине карата 10 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда аталган ишкананын жетекчиси Марс Наспеков билдирди.

Анын айтымында, «Кыргыз почтасы» системаны автоматташтырып, акчаны банк аркылуу которуу ниетинде.

«Накталай акчалар биздин кызматкерлер үчүн азгырык болууда. Азыр Бүткүл Дүйнөлүк банктын долбоору боюнча, системаны автоматташтыруу иштерин жасап жатабыз. Эгерде пенсия банк аркылуу которулуп турса, ага алуучулардан башка эч ким кол сала албайт», -деди Марс Наспеков.

Анын айтымына караганда, былтыр 10 кылмыш иши козголгон. Ал эми уурдалган акчалар 4 миллион сомду түзгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18