24.kg
09:12, 21 июня 2019, 24.kg

Ошто алгачкы жолу жогорку технологиялык операция жасалды

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында алгачкы жолу жогорку технологиялык операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бейтаптын баш мээсине скальпелсиз операция жасалды. Ага күрөө тамыр менен кызыл кан тамырдын патологиялык байланышы деген диагноз коюлган. Бул тубаса оору. Аталган патология борбордук нерв системасында жана башка организмдин каалаган жеринде пайда болушу мүмкүн. 

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнүн жетекчиси Улан Каримовдун айтымында, операция жогорку технологиялык медициналык кызмат категориясына кирет жана скальпелсиз операция жасалат. Бейтаптын жамбашындагы кызыл кан тамырга катетер орнотулуп, мээнин майда кан тамырларына түтүкчөлөрдү өткөрүшөт.

Маалыматка караганда, 2001-жылы туулган бейтаптын кан тамырына катетер коюлуп, рентген аппаратынын жардамы менен суюк эмболизат куюлду. Ал патологиялык кан тамырдын түйүнүн жаап, мээге кан тамуунун алдын алды. Бейтап үйүнө чыгарылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18