24.kg
08:42, 21 июня 2019, 24.kg

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДПнын өсүшү 184 миллиард сомду түздү

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДПнын өсүшү 184 миллиард сомду түзүп, 5,6 пайызга жогорулады. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алуу маалында айтылды.

Акылбек Султанов 2019-жылдын январь—май айларынын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берди.

«ИДПнын өсүшү өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, курулуш жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмдөрүнүн өсүшүнүн эсебинен жогорулаган. Ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын 4,9 пайызга өсүшү белгиленди», -деди ал.

Мамлекет башчысы Улуттук статистика комитети региондор боюнча статистикалык маалыматтардын, алардын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалыматтардын толуктугун жана актуалдуулугун камсыз кылып, жумуштун аналитикалык жагын күчөтүү керектигин баса белгиледи. Чарбалык китептердеги жана «Санарип аймак» платформасындагы маалыматтардын толуктугун жана сапатын камсыздоо ишине активдүү катышуу тапшырылды.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков статистикалык маалыматтардын тактыгын камсыздоо, өлкөнүн бардык жашоо тармактарында, өзгөчө тышкы соода жүгүртүү боюнча статистикалык айырмачылыктардын көлөмүн кыскартуу зарылдыгына көңүл бурду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18