24.kg
15:43, 20 июня 2019, 24.kg

Экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу чечими Башкы прокуратурага жиберилди

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын чечимин Башкы прокуратурага жиберишти. Чечим бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды.

Кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом долбооруна 100 депутат макул деп добуш берди, 5 депутат каршы чыкты.

Алмазбек Атамбаевге коюлган айыптар:

— Бийликти узурпациялады,

— Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз,

— кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган,

— акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар,

— Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан,

— Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон

— Орусиянын 123 жаранына, анын арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө ок атуучу курал берген,

— Чүйдө 35,65 гектар айдоо аянтын мыйзамсыз трансформациялаган,

— Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 4,61 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына мыйзамсыз өткөрүп берген

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18