24.kg
10:41, 20 июня 2019, 24.kg

Депутаттар Гүлмира Кудайбердиеванын дагы эле кызматтан алынбаганына нараазы

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева өзү жетектеген тармакты түп тамырынан бери жок кылуу аракетинде. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Евгения Строкова билдирди.

Ал министрликтеги кемчиликтер, сапатсыз чыгарылган китептер боюнча козголгон кылмыш иштерине карабай Гүлмира Кудайбердиева дагы эле кызматынан четтетилбегенине таң калуусун айтты.

«Бул айым диверсант катары билим берүү тармагын жок кылуу менен алек. Парламентте сылык-сыпаа сүйлөгөнү менен кызматкерлерине өтө орой мамиле кылат экен. Эмнеге бул айым дагы эле кызматта? Эмнеге аны алгач Жаныш Бакиевдин, андан кийин Икрам Илмияновдун колдоосу менен эле иштеп жүрө береби?», — дейт депутат.

Белгилей кетсек, Гүлмира Кудайбердиеванын ишмердиги Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети карап, жетишерлик эмес деп тапкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18