24.kg
10:39, 20 июня 2019, 24.kg

Москвадагы массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду

Москвада кыргызстандык жарандардын катышуусунда болгон массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. 

Маалыматка караганда, адам өмүрүн алган окуяны Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаардык бөлүмү иликтөөгө киришти. Учурда шектүүлөр изделүүдө.

Эске салсак, Москва шаарында «Электрозаводская» метро станциясында Борбор Азиянын жашоочулары катышкан массалык уруш болгон. Анда 3 киши бычактан жаракат алып, дагы бирөө көз жумган. Күбөлөрдүн айтымында, уруштун катышуучуларынын баары Кыргызстандын жарандары.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18