24.kg
09:51, 20 июня 2019, 24.kg

Аида Салянованын иши. Укук коргоочулар Жогорку сотко кайрылышты

Укук коргоочулар менен юристтер Аида Саляновадан биринчи кылмыш иши -Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу боюнча баардык айыптарды алып салуу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Чынара Турдалиева билдирди.

Айтымында, Жогорку сот арызды кабыл алды. Отурум бүгүн болот.

Арыз ээлери жаңы Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекс боюнча Аида Саляновага коюлуп жаткан «Кызмат абалынан пайдалануу» беренеси криминалдан арылтылган.

Мындан тышкары юристтер Аида Салянованын аракетинде кылмыш курамы жок дешет.

Аида Саляновага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Ал Адилет министри болуп турганда 2010-жылы Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген. Мындан тышкары ал мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18