24.kg
09:39, 20 июня 2019, 24.kg

Бишкектин 32 май куюучу станциясы өрт коопсуздугу нормаларына жооп бербейт

Бишкектин 32 май куюучу станциясы өрт коопсуздугу жана курулуш нормалары менен эрежелерине жооп бербейт. Бул тууралуу Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулушу жана архитектура боюнча комиссиянын отурумунда Бишкектин вице-мэри Уланбек Азыгалиев айтты.

«Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясынын маалыматы боюнча, 2017-2018-жылдары май куюучу жайлардын жетекчилерине айыптар салынып турчу. Бирок, маселе тамыранан бери чечилбей келет», -деди ал.

Айтымында, шаарда 98 май куюучу жай бар, анын үчөө иштебейт.

«Өз убагында май куюучу жайга уруксаат убактылуу берилчү. Ал убакта документтер нормага туура келчү. Анткени, май куюучу жайлардын тегерегинде үйлөр жок эле. Учурда абал өзгөрдү. Албетте, бул Бишкек башкы архитектурасынын күнөөсү. Алар башында эле үйлөрдү курууга уруксат бербеши керек болчу, же май куюучу жайларды алдырып салыш керек эле. Юридикалык жактан турак үйлөрдүн дагы, май куюучу жайлардын дагы уруксат документтери бар. Факт түрүндө нормага дал келбей жатканын көрүүдөбүз. Абалды комплекстүү түрдө чечүү керек», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18