24.kg
16:43, 19 июня 2019, 24.kg

Кыргызстанда балдар акыйкатчысы иштей баштайт

Кыргызстанда балдар акыйкатчысы иштей баштайт. Анын милдети башкы акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиевага жүктөлдү. Бул тууралуу аталган жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка омбудсмен Токон Мамытов кол койду. Мындай чечимдин кабыл алынышына балдарга карата зордук-зомбулуктун көбөйүшү себеп болду. Балдар акыйкатчысы балдарга ыкчам жардам берүү менен гана чектелбей, балдар үйлөрүндөгү мугалимдерге, социалдык коргоо башкармалыктарынын кызматкерлерине, өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекторлорго да колдоо көрсөтөт.

Эске салсак, мурунку депутат Ширин Айтматова буга чейин эле балдар акыйкатчы институтун түзүүнү сунуштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18