24.kg
15:07, 19 июня 2019, 24.kg

Москвада кыргызстандыктар арасында болгон массалык урушта бир жаран каза тапты

Москва шаарында «Электрозаводская» метро станциясында Борбор Азиянын жашоочулары катышкан массалык уруш болду. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка караганда, жаңжал бүгүн эртең менен болгон. Анда Орто Азиядан келген жарандар мас абалда урушкан. Алардын бири бычак менен 3 кишини жарадар кылып, бирөөнү өлтүрө сайган.

Күбөлөрдүн айтымында, мушташтын катышуучулары «Ысык-Көл» ресторанынан бир компания болуп чыгышкан. Алардын арасында пикир келишпестик жаралып, кесепети адам өлүмүнө алып келди.

Учурда аталган ресторан жабык турат, ал жакта полиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Күбөлөрдүн айтымында, уруштун катышуучуларынын баары Кыргызстандын жарандары.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18