24.kg
13:44, 19 июня 2019, 24.kg

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 40 кызматкери сөгүш алышты

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 40 кызматкери сөгүш алышты. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, сөгүш берүүгө министрликтин дарегине карата айтылган сындар негиз болду.

«Мен кызматкерлерге талаптарды койдум, биз ишти күчтөндүрүп, өлкөнүн фермерлери үчүн мыкты шарт түзүп беришибиз керек», -деди ал. Министр ведомстводогу штатты кыскартпай тургандыгын кошумчалады.

«Көпчүлүк, анын ичинде парламент биздин штатты аябай көп деп сын айтышат. Бизде болгону 4 миң 90 киши иштейт, ал эми аппараттын өзүндө 84 кызматкер бар. Башка аппараттарга салыштырмалуу биздики алда канча түзүк», -деди министр.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18