24.kg
11:28, 18 июня 2019, 24.kg

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин референдумга алып чыгуу айтылды

Экс-президенттин аппараты Конституциялык палатага көрсөтмө берген. Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын отурумунда Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

Айтымында, 2010-жылы мамлекет башчынын укуктары кыскартылган.

«Баш мыйзам боюнча ал алсыз эле. Анын өкмөттү түзүүгө укугу жок болчу. Ал тургай мыйзамды демилгелей турган укугу жок эле. Бирок, кимдир-бирөөлөр Акаев, Бакиев жана Атамбаев арасындагы айырманы сезе алдыбы? Эгерде аларга Негизи мыйзам уруксат берген болсо, Атамбаев Баш мыйзамга карама-каршы жасады. 5-6-чакырылыштагы парламент анын бул иштери кылуусуна жол беришти. Ким каршы чыкса, ал соттолду», -деди ал.

Клара Сооронкулова Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин референдумга алып чыгуу керек дейт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18