24.kg
10:10, 18 июня 2019, 24.kg

Чалдовар айылында массалык мушташ болду. 5 бала жабыркады

Чүй облусуна караштуу Чалдовар айылында массалык мушташ болду. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-июнда болжол менен 01:50дө Панфилов райондук ооруканасынан ар кандай жаракаттар менен келип түшкөн бир канча жаштар тууралуу билдирүү келген.

«18 жаштагы К.А., 17 жаштагы А.Н, 17 жаштагы А.А., 18 жаштагы К.Н. жана 18 жаштагы А.С. аттуу балдар жаракат алышкан. Алар Чалдовар айылынын тургундары. 16-июнда болжол менен 00:30да жаштар арасында пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Кесепетинен айрымдары жаракат алышкан. Милииция окуяга катыштыгы бар делгендерди кармап, РИИБга алып келди. Окуянын уюштуруучулары 19 жаштагы Т.Б. жана Б.Д. экени аныкталды», -деп айтылат маалыматта.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18