24.kg
09:48, 18 июня 2019, 24.kg

«Айыл чарбаны каржылоо −7». 9 миң 306 жеңилдетилген насыя берилди

2019-жылдын 7-июнуна карата «Айыл чарбаны каржылоо −7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында, 4 миллиард 294,7 миллион сомго 9 миң 306 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка таянсак, өсүмдүк өстүрүүгө −956,1 миллион сомго 2 миң 528 жеңилдетилген насыя, мал чарбачылыкка −2 миллиард 532,4 миллион сомго 6 миң 555 жеңилдетилген насыя, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө — 806,2 миллион сомго 223 жеңилдетилген насыя берилди.

Долбоордун алкагында 2019-жылдын ичинде коммерциялык банктардын жана финансылык-кредиттик мекемелердин финансылык каражаттары өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыкты жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү үчүн, ишкердик субъекттерге жана жеке жактарга жеңилдетилген пайыздык чен (жылына 6, 8 жана 10 пайыз) менен берилет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18