24.kg
14:06, 17 июня 2019, 24.kg

Айбек Бусурманкулов: Дастан Жумабеков кызматтан кетиши керек

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков кызматтан кетиши керек. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн жыйында элдик курултайдын өкүлү Айбек Бусурманкулов айтты.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш Сооронбай Жээнбековго бийликти бир колго топтоого көмөктөшүүдө.

«Биринчиден, алар президенттин сөзүнө макул болуп, өкмөттүн отчетун жактырышты. Экинчиден, жакында эле Дастан Жумабеков өз сөзүндө, парламент президенттин аппаратынын өтүнүчү менен «КРнын президентинин ишмердигинин кепилдиги» тууралуу мыйзамга өзгөртүүнү кабыл алгандыгын айтты. Ал «эгер кабыл албагыла деп суранышса, биз кабыл албайт элек», -деди. Бул уят. Ал кызматтан кетиши керек», — деди Айбек Бусурманкулов.

Андан сырткары, жаш активист элдик курултай референдум өткөрүү боюнча кол топтолуп жатканын кошумчалады.

«Биз кол топтоп парламентке сунуштайбыз. Эгер депутаттар биздин конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушту колдоп, референдум менен макул болбосо, анда депутаттарды таркатуу иши башталат. Күзүндө эл көтөрүлүп чыгат», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18