24.kg
17:55, 14 июня 2019, 24.kg

Өзүн участковыймын деп тааныштырган жаран милицияга өз эрки менен келди

Бишкекте мас абалында өзүн участковыймын деп тааныштырган жаран милицияга өз эрки менен келди. Бул тууралуу ШИИББ билдирди. 

Эске салсак, буга чейин Фейсбук социалдык түйүнүндө өзүн күч түзүмдөрүнүн кызматкеримин деп тааныткан мас кишинин видеосу тарап, ал издөөгө алынган.

28 жаштагы жаран видеонун каарманы экенин мойнуна алды.

«Ж.Т. 13-июнда Ала-Арча суу сактагычынын аймагында мас абалда жүргөн. Ага белгисиз 4 эркек жана бир аял тийишкен, Ж.Т. коркуп кетип күбөлүгүн жана тапанчаны көрсөткөн. Тапанча оюнчук болуп чыкты. Ал ИИМде эч качан иштебегендигин айтып, айткандары үчүн кечирим сурады», -деп билдиришти ШИИББдан.

Ведомстводон Ж.Т. чынында эле Улуттук гвардиядан 2016-2017-жылдар арасында аскердик милдет өтөгөндүгүн, кетип жатканда күбөлүгүн тапшырбагандыгын айтышты. Күбөлүктүн мөөнөтү былтыр 31-декабрда аяктаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18