24.kg
15:42, 13 июня 2019, 24.kg

Экс-президенттин макамы жана жүгү. Өлкө башчыларынын бийликтен кийинки жашоосу

«Алмазбек Атамбаев экс-президент статусун көтөрө албай жатат» — деген пикирди Жогорку Кеңештин «Бир-Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

Буга чейин парламент «КР президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, экстердин жүрүм-турумун чектөөгө аракет кылган. Буга мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтен кеткенден кийин активдүү саясый оппозицияга айланышы себеп болду.

Кыргызстанда биринчи жолу мындай маселе жаралып жатат. Эгемендүүлүктөн кийин 15 жыл бийликте олтурган Аскар Акаев менен беш жыл өлкөнү башкарган Курманбек Бакиев чет өлкөгө качып кетип, экс-президент макамынан дагы айрылышкан. Биринчилерден болуп өткөөл мезгилдин лидери Роза Отунбаева гана экстин ыйгарым укуктарын колдонууда.

«КР президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга ылайык экс-президент деген наам өмүр бою сакталат. Айтмакчы, президент мындан башка кызматта иштей алат.

Экс-президент өмүр бою мамлекеттик кайтарууга алынат, мамлекеттик резиденцияда жашайт, өзү эле эмес, жубайы жана жашы жетпеген балдары дагы акысыз дарыланат. Аэропорт, темир жол вокзалдарында VIP залдарды пайдаланууга укуктуу.

Экстерге ай сайын өлкө башчысы алган айлыктын 75 пайызы эсебинде акча чегирилип турат. Аны пенсияга чыккандан кийин дагы алып турушат. Белгилүү болгондой, мурдакы өлкө башчылары кол тийбестикке ээ. Бирок, Жогорку Кеңештин чечими жана Башкы прокуратуранын корунтундусу менен иммунитети алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун пикиринде, Алмазбек Атамбаев Роза Отунбаевадан үлгү алса болмок.

Роза Отунбаева акыркы сегиз жылдан бери мамлекеттик иш-чараларга катышып, сөз сүйлөгөнү менен саясатка аралашкан жок. Ал өзүнүн фондун жетектеп, билим берүү жаатында долбоорлорду алып барып, чет өлкөдөн иштеген кыргызстандыктардын «Мекендештер» форумун негиздөөчүсү. Аталган форумдун 2018-жылы өткөн жыйынына Сооронбай Жээнбеков дагы катышты. Гендердик теңдик, аялдардын укугу, сөз эркиндиги жана башка жааттагы жыйындарда сөз сүйлөп, ардактуу конок болот.

Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан пенсиясынан (айына 70 миң сом) топтолгон каражатты маркум журналист Улан Эгизбаев атындагы фондко өткөрүп берди.

Роза Отунбаева мамлекеттик резиденцияда жашап, күзөт кызматынын көзөмөлүндө. 

Коңшу өлкөлөрдө азырынча экс-президент Казакстанда гана бар. Нурсултан Назарбаевдин 30 жылдык бийлигинен кол үзгөндүгүнө аз эле болду. Азырынча ал Ак-Ордодон алыстабай, өлкөдөгү расмий иш-чараларга Касым-Жоомарт Токаев менен бирге катышып, атүгүл эл аралык жыйындарга дагы Казакстандын атынан барууда. Бирок, тоталитардык режимдин башчысы өзүнө бекем ыйгарымдарды алып, камчыны колдон чыгарбого камданып койгону белгилүү.

Нурсултан Назарбаев үчүн атайын «Казакстандын биринчи президенти — Элбасы» жөнүндөгү мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык казак башчысы саясатта жана бийликте кала берет. Анын ден-соолугу, өмүрү мамлекеттик кепилдикке алынып, үй-мүлкү жана банкттык эсептери дагы коргоодо болот.

КМШ чөлкөмүнөн алып карасак, Грузиянын мурдакы экс-президенти Михаид Саакашвили өз өлкөсүндө эмес, Украинада саясый карьерасын улантууда. Өз мекенинде ага каршы кылмыш иши козголгон.

Уругвайды 2010-2015-жылы башкарган Хосе Альберто Мухика Кордано дүйнөнүн эң кедей мурдакы президенти болуп саналат. Анын эскилиги жеткен унаадан, чакан үйүнөн жана итинен башка мүлкү жок. 

2018-жылы кызматын өткөрүп берген президенти Георгий Маргвелашвили саясаттан кетип, чакан коттежин туристтерге ижарага берүү, жыгачтан эмерек жасап,  университетте сабак өтөт. Муну ал бекерчиликтен эмес, жан багуу үчүн жасайт.  «Мен саясаттан дагы башка жашоо бар экенин көрсөткүм келет», — дейт Георгий Маргвелашвили.

Президенттер баш алмашкан постсоветтик өлкөлөрдүн бири — Украина. Экс-президент Петр Порошенкого Владимир Зеленскийдин тобу кылмыш ишин козгоо алдында турат.

Ага чейинки өлкө башчысы Владимир Янукович экс-статусунан айрылып, Россияда жашайт.

«Экс» статусун жана ыйгарым укуктарын Леонид Кучма (1994-2005) . Ал 20015-жылдан кийин жигердүү иш жүргүзүп, 2017-жылы эл аралык форумда Украинанын ички, тышкы саясаты жана экономикасын сынга алганы бар. Андан тышкары Леонид Кучма Донбасстагы чыр боюнча сүйлөшүүлөргө катышты.

Россиянын мыйзамында экс-президентке саясатка аралашууга чектөө жок. АКШнын президенттеринин саясатка активдүү киришип, бийликке оппозиция түзгөнү жок. Тескеринче, Буш, Клинтон Барак Обаманы колдоого алышкан. Ал эми акыркы экс башчысы азырынча демократияны өнүктүрүү, эл аралык жыйындар жана партиянын иши менен алек. Айрым маалыматтарга караганда Барак Обама кайра бийликке кайтып келмекчи. 

Сооронбай Жээнбеков алгачкы маегинде президенттик кызматтан кеткенден кийин чарбасы менен алек болорун, маңдай тери менен иштөөгө ал жаштайынан көнгөнүн айткан.

Алмазбек Атамбаев алты жыл ичинде президенттиктен кийинки пландары боюнча суроолорго ар кандай жооп берген. 2016-жылы президенттин пресс-службасы юбилейлик ыр жыйнагы менен бирге 2017-жылдан кийин чыгармачылык менен алек болорун айткан. Бирок, Атамбаев өзү чыгармачылык менен саясатты кошо алып жүрөрүн белгилеп саясатта каларын жашырган эмес. 2017-жылы мартта премьер-министр дагы, спикер да болбойм деп убадалаган. 2019-жылдын февраль айында 2020-жылкы шайлоого аттанарын маалымдады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18