24.kg
14:16, 13 июня 2019, 24.kg

Кантта 14 жаштагы өспүрүм бала 13 жаштагы кызды зордуктады

Кантта 14 жаштагы өспүрүм бала 13 жаштагы кызды зордуктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Эсения Рамазанова билдирди.

«27-майда жабырлануучу экзамен тапшыргандан кийин классташтары менен паркка барышкан. Бир убакта кыздын жанына анын классташ баласы келип, бирге сейилдеп келүүнү сунуштаган. Бала чет жерге алып барып кызды зордуктап койгон. Андан соң кызга үйүнө барып, кийимин алмаштырууну жана окуя тууралуу эч кимге ооз ачпоону сунуштаган. Кыз үйүнө келип болгон окуяны эжесине айткан. Гинекологдор зордуктоо болгонун аныкташкан, ошол эле учурда милицияга арыз жазылган», -деди жактоочу.

Эсения Рамазанованын айтымында, Ысык-Ата РИИБнын кызматкерлери жабырлануучунун туугандарына зордуктоо болбогонун, кыздын макулдугу менен жыныстык катнаш болгондугун билдиришкен.

«Кыздын туугандары айыпталуучу тараптан басым болуп жатканын айтып арызданып жатышат. Биз ишти Чүй ОИИББга өткөрүүнү талап кылуудабыз, анткени адилеттүү иликтөөгө ишенген жокпуз. Тергөөчүнүн айтымында, зордуктаган классташы ата-энесине кат жазып үйдөн качып кеткен», -деди ал.

Ал эми ОИИББ кыздын макулдугу менен бул иш болгон деп айыпталуучунун тарапташтары айтканын, милиция бул тууралуу эч нерсе деп билдирбегендигин кошумчалашты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18