24.kg
11:30, 13 июня 2019, 24.kg

Депутат мурунку президенти каралоо боюнча пикирин айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Анвар Артыков эл өкүлдөрүнүн экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата айткан сындары боюнча пикирин айтты.

«Кечээ жыйындан кийин мага өзүм сыйлаган аттуу-баштуу бир топ адамдар чалып катуу сөздөрдү айтты. Ал сөздөрдү жумшартып, сиздерге жеткиргенге аракет кылайын. Биринчиден, Алмазбек Атамбаев экс-президент катары тарыхта калды. Кечээ айтылган сөздөрдүн биринин дагы далили жок. Далил болсо алып келгиле. Мага чалган адамдар «андан өч алуу аракетин кылып жатасыңар» дешти.

Бул нерсе да өтөт, баарын убакыт таразалайт. Алмазбек Атамбаев 6 жыл президент болуп иштеди, эң негизгиси саясий туруктуулук болду. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында биринчи жолу узак мөөнөткө туруктуулук, өсүш болду. Айрыкча түштүк жери газ, электр жарыгы көйгөйүнөн кутулду, бул чындык. Иштебеген адам адашпайт. Атамбаев деле кадр маселесинде ката кылганын, жаңылышканын моюнуна алган. Коррупция бардык жерде бар, уурдаган болсо аны кармап отургузуу керек. Бирок баарын чогултуп келип «сен жооп бересиң» деп Атамбаевди күнөөлөп коюу туура эмес. Аксакал катары айтайын, муну токтоткула! Жооп бере турган маал да келип калат. Уят болуп каласыңар!», — деди депутат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18