24.kg
11:17, 13 июня 2019, 24.kg

Терроризм, экстремиз менен күрөшүү. Кыргызстан менен Кытай бирдиктүү позицияда

Тайвань Кытай территориясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал эми Кытай Эл Республикасынын өкмөтү — бүтүндөй Кытайдын атынан сүйлөгөн жалгыз мыйзамдуу өкмөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусунда айтты. 

Мамлекет башчысы терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү маселелери боюнча Кыргызстан Кытай менен бирдиктүү позицияны карманарын кошумчалады.

«Дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери салт катары Кыргызстандын жана Кытайдын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калат. Коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү көптөгөн олуттуу маселелер боюнча биздин бирдиктүү көз карашыбыз мамлекеттерибиз ортосундагы өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү жана активдештирүү үчүн бекем негиз түзөт деп эсептейм», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18