24.kg
10:48, 13 июня 2019, 24.kg

Кыргыз-кытай мамилеси. Эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлмакчы

Бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Ошондой эле эки мамлекеттер башчыларынын астында Ардактуу кароол Ротасынын салтанаттуу жүрүшү өттү.

Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

КЭР Төрагасынын мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн Бишкекте кыргыз-кытай бизнес-форуму өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18