24.kg
10:47, 13 июня 2019, 24.kg

Санкт-Петербургда көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кыргызстандык кыз кулап кетти

Санкт-Петербургда көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кыргызстандык 17 жаштагы кыз кулап кетти. Ал терезе жууп жаткан. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу Пушкин районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде энеси жана улуу эжеси менен жашачу. Кырсык болгон маалда ал үйдө жалгыз болчу. Күбөлөрдүн айтымында терезе жууп жаткан кыз кокусунан кулаган.

Окуя 11-июнда болду. Жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер ага баш мээси чакалган, мээси жабыркаган, төш клеткалары жаракат алган, оң ийини менен жамбаш сөөктөрү сынган деген диагноз коюшту. Ал оор абалда жатканы айтылууда.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18