24.kg
09:32, 13 июня 2019, 24.kg

Аида Салянованын туугандары аны кыйноого тушугуп жатканын айтышты

Мурунку башкы прокурор Аида Салянованын туугандары аны кыйноого тушугуп жатканын айтышты.

Эске салсак, Аида Салянова мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна айыпталып, № 1 тергөө абагына киргизилген.

Аида Салянованын эжеси Чынара Турдалиеванын 24.kg агенттигине билдиргенине караганда, экс-башкы прокурор өзүн жаман сезүүдө. Ал ооруканага жатууга муктаж. Тергөө абагындагы медициналык бөлүм керектүү дары-дармек жана жабдыктар жок болгондуктан, жогорку деңгээлде жардам бере албайт.

Туугандары жүрөк оорулуу аялды камакка алуунун өзү кыйноо дешүүдө.

Азиз Батукаев 2013-жылы «лейкоз» дарты коюлуп, медиктердин «эки аптадан кийин өлөт» деген бүтүмүнүн негизинде түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Көп өтпөй Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлүп, Азиз Батукаев мыйзамсыз абактан чыгарылган бүтүмүн жарыялашат. Комиссия ага коюлган дарт такталбаганын ырасташат. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, ордунан жылган эмес.

Жыл башында иш кайра жанданып, тергөөнүн жүрүшүндө онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурунку башкы прокурор Аида Салянова кармалды.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18