24.kg
08:47, 13 июня 2019, 24.kg

Кыргызстанда Монголиянын элчилиги ачылды

Кыргызстанда Монголиянын элчилиги ачылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга мырза Монголиянын Кыргызстандагы элчилигин расмий түрдө ачты. Иш чарага Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

«Кыргызстан жана Монголия башкаруунун парламенттик формасындагы өлкөлөр болуп саналат. Биздин боордош элдерибиздин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө эки өлкөнүн илгертеден берки келаткан кызыкчылыктарына толук жооп берет. Монголиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ачылышы абдан маанилүү жана практикалык мааниге ээ. Кыргыз тарабы бул чечимди жогору баалайт», — деди министр Чыңгыз Айдарбеков.

Монголиянын президенти элчиликтин ачылышы Монголиянын монгол-кыргыз достугуна чоң маани береринин далили экендигин белгилеп, элчилик эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөчү көпүрө болуп каларына ишеним билдирди.

Эске салсак, ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ, алар: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18